Эртең Оштун бир нече аймагында электр жарыгы убактылуу өчөт

Эртең, 19-июлда Ош облусунун кээ бир аймактарында электр эсептегичтерди орнотуу жумуштарына байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Араван районунун Төө-Моюн,Төбө-Коргон айыл өкмөттөрүндө;
Ноокат районунун Бобби, Шалдырама, Катта-Тал, Адыр айылдарында;
Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө;
Өзгөн районунун Мырза-Аке, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүндө;
Ош шаарынын Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда, Мамыров, Атабаев, Ахмедов, Калинин, Моминов, Амир Тимур, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдниязов, Санкт-Петербург, Степная, Алиев көчөлөрүндө.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан