Кыргыз жергесинде 6 айда 3 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Алардын себептери

Республиканын аймактарында 6 ай ичинде 3034 (ред., 2021-жылдын 6 айында 3406) жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында жазылат.

Ага ылайык, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 пайызга төмөндөгөн. Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 26,4 пайызга (былтыр 337 болсо, быйыл 248) жана жаракат алгандардын саны 9,6 пайызга (былтыр 5122 болсо, быйыл 4629) төмөндөгөн.

Статистикалык маалыматка ылайык, быйыл 6 айда катталган жол кырсыктарынын 92,4 пайызы же 2803 (ред.; 2021-жылдын 6 айында 2984 кырсык болгон) айдоочулардын күнөөсү менен болгон. Алардын себептери:

  • айдоочу жол тилкесинде туура эмес маневр жасаган - 30,5 пайыз;
  • ылдамдыкты ашырган - 24,5 пайыз;
  • жөө жүргүнчүлөр өткөөлдөрдөн өтүү эрежесин бузуу- 15,5 пайыз;
  • айдоочу жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткен - 10,4 пайыз;
  • мас абалында унаа башкарган - 6,5 пайыз;
  • аралыкты сактабаган - 5,4 пайыз;
  • айдоочу жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн - 4,5 пайыз;
  • жол белгилерине баш ийбеген - 3,8 пайыз;
  • айдоочунун техникалык жактан оң абалда эмес унаа каражаттарын башкарган - 2,5 пайыз
  • айдоочу рулда уктап кеткен - 1,6 пайыз

Ошондой эле катталган жол кырсыктарынын 1,3 пайызы жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү менен болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан