Бишкекте ВИЧ-инфекциясына кабылгандарды дарылоочу жана алдын алуучу жай ачылды

Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаардык СПИДге каршы күрөшүү борборунда ВИЧ-инфекциясына кабылгандарды дарылоочу жана алдын алуучу жай ачылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын коомчулук менен байланышуу адиси Акжол Жороев билдирди.
Анын айтымында, жаңы ачылган жайда оорулуулар бир эле учурда метадон, антиретровирустук терапия жана кургак учукка каршы дары-дармектерди ала алышат. Ошондой эле бул мекемеде кеңешчилер иштеп, ооруга чалдыккандарды программага тартуу багытында иш алпарышат. Мындай бөлүмдөрдү өлкөнүн башка аймактарында да ачуу пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан