Европаны каптаган аптаптуу аба ырайынан улам Улуу Британия өлкө аймагына өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашат.
Ага ылайык, Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги 4-деңгээлдеги эскертүү берди. Ал ысыктан улам улуттук өзгөчө кырдаал катары аныкталат.
Бийлик калктын саламаттыгына байланыштуу "Тез жардам" унааларын жана медицина кызматкерлерин даярдады. Рекорддук жогорку температура саякаттарды, медициналык мекемелердин жана мектептердин ишин да үзгүлтүккө учуратышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары электр энергиясы, суу жана мобилдик кызматтардын үзгүлтүккө учуроо коркунучу жогору. Улуу Британиянын Метеорология кызматы жогорку температура олуттуу коркунучтарды, анын ичинде дени сак адамдар арасында да олуттуу ооруну жана өлүмдү алып келерин эскерткен.
Ошондой эле Лондон метро тармагы кыскартылган график боюнча иштеп жатат, жүргүнчүлөр өтө зарыл болгон учурда гана саякаттай алышат. Лондондун жанындагы Лутон аэропорту абанын температурасынын жогорулашынан улам учуу тилкесинде мүчүлүштүк пайда болгондон кийин учуп келүүлөрдү жана учууларды токтотууга аргасыз болгону айтылат маалыматта.