Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө өкмөт башчылар соода-экономикалык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары эки тарап Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташуу жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин август айында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоо тууралуу сөз кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан