Өлкө аймагында бир сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча, бир сутка ичинде өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган:
- Бишкек шаарында - 4;
- Нарын облусунда - 2;
- Чүй облусунда - 17;
- Ош облусунда - 2;
- Баткен облусунда - 3", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгону айтылат.