Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырып, ирригация тармагы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаанын бир топ көчөлөрүн кыдырууда агын суунун тартыштыгынан айрым көрктөндүрүүчү жерлер куурап баратканына күбө болгон Бакыт Төрөбаев биринчи кезекте скважина куруу иштерин алып баруу зарылдыгын белгиледи.

“Бишкектин арыктарында суу жок. Союздан калган эски ирригация тармагын жаңылоо кажет. Биринчи кезекте шаардык суу канал ишканасы агын сууларды туура бөлүштүрүү иштерин колго алышы керек. Ошол эле учурда шаардын бардык аймагындагы каналдарды аягына чейин жеткирүү тапшырмасын алышат. Мындан сырткары кайсы жерге суу чыгаруучу скважина курса болорун аныктап чыгышат”, – деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан