Министр борбор калаанын абасынын булгануу себептерин атады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова министрликтин маалымат жыйынында Бишкек шаарынын абасынын булганышынын себептерин атады.

"Унаалардан чыккан газдар шаардагы абанын булганышынын негизги фактору болуп саналат. Ошондой эле шаарда түтүндүн пайда болушунун дагы бир себеби - күз-кыш айларындагы жылытуу мезгилинде турак жай конуштарынын жашоочулары жана жеке секторлор көмүр менен жылытылат.

Жылытуу үчүн негизинен Кара-Кече кенинин жергиликтүү көмүрү колдонулат. Ушул факторлор абанын булганышын шарттайт", - деди ал.

Кутманова борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу максатында министрлер кабинети “Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын” бекиткенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан