"A-Hid" венгриялык компаниясы Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди долбоорломой болду. Бул туурасында министрлер кабинетинен маалымдашты.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча "A-Hid" венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Саломдун жолугушуусу бөлүп өттү. Анда эки тарап кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Ага ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да каралмакчы.
"Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.
"Аталган компания энергетикалык объектилерди, көпүрө, унаа жол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ата мекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген насыяларды берет. Анын уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзөт", - деп жазылат маалыматта.