"Басып кетүүгө үмүт бар". 9 жаштагы Арууке жардамга муктаж

SUPER.KG порталына 9 жаштагы Арууке Абдыраимованын апасы Наргиза Калпаева элден жардам сурап кайрылды. Анын айтымында, кызынын операциясы үчүн чоң суммадагы акча керектелет.

"9 жаштагы кызым Арууке тубаса баспайт. Ар бир ата-эне, айрыкча эне болгон аялзаты бала ооруса кандай абалда боло тургандыгын эң жакшы билсе керек. Чыдамсыздык менен күткөн кызыбыз жарыкка келди, албетте, кубанычыбызда чек жок болчу. Убакыт өтүп, кызыбыз бутуна тура албагандыгын, башка балдардай болуп жөргөлөбөгөндүгүн байкап, дарыгерге алып бардык.

Дарыгерлердин кеңеши менен эки ай гипсте жүрдүк, жардам бербегендиктен жети айында бутуна операция жасатууга туура келди. Бирок натыйжа болгон жок. Экинчи операция үч жарым жашында болду. Тилекке каршы, жылыш болгон жок. Болжолдуу түрдө "ДЦП, төмөнкү шал" деген диагноз коюшкан, бирок ушул убакытка чейин так диагнозу коюлган жок.

Жакында Түркиядан келген дарыгерлер текшерип "жамбашы чыгып кеткен, операция кылыш керек" деп бизге үмүт беришти. Ар бир ата-эне бала деп жашайт эмеспи. Кызыма берген мүмкүнчүлүктү коё бере албайм, бирок 22 миң доллар керектелет экен. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң суммадагы акча болуп жатат. Ошол себептен кайрымдуу элге кайрылууга туура келди. Колуңуздардан келген жардамды аябаңыздар, суранам", - дейт кыздын апасы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Optima Bank - 4169 5853 5344 2618

Бакай Банк р/с 1242070019494091 БИК: 124030

Элсом - 0703 03 70 03
Balance - 0703 03 70 03
О.Деньги - 0703 03 70 03
МБанк - 0703 03 70 03

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан