"Шаардыктар үчүн зыянсыз". Бишкекте бак-дарактарга дары чачылып жатат

Борбор калаанын багбандары Чүй кең көчөсү, Панфилов, Тыныстанов, Абдымомунов, Раззаков, Орозбеков көчөлөрүнүн боюндагы бак-дарактарды азыктандырууга киришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бак-дарактарды азыктандырууда жер-семирткичтер топуракка кирбейт, вегетативдик массага - жалбырактарына жана бутактарына чачылат.

"Жер семирткичтер менен азыктандыруу зыянкечтерге жана илдеттерге каршы колдонулат. Жер семирткичтер суу менен суюлтулуп даракка чачылат. Бул иш-чаралар шаардыктар үчүн зыянсыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан