"Манас айылын" реконструкциялоонун эскиздик долбоорун иштеп чыгууга ачык архитектуралык сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинен маалымдашты.
Маалым болгондой, сынакка катышуу үчүн 5-июлда 14 долбоор төмөнкү шифрлер менен келип түшкөн: 9522; 1443; 5853; 5899; 2022; 0708; 7018; 1895; 0805; 2526; 1702; 1703; 0109; 1020. 14 долбоордун ичинен 5 долбоор конкурстун шарттарын бузуу менен берилген.
Сынак президенттин иш башкармалыгынын жана "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин колдоосу астында, Архитекторлор союзунун катышуусу менен өткөрүлдү.
Сынактын максаты "Манас" эпосунун идеялык мазмунун максималдуу түрдө ачып берген, кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын жана ишенимдерин өмүр бою тарыхта өзгөчө улуттук архитектурасы менен сүрөттөгөн уникалдуу образдарды алуу болуп саналат.
Эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, эң жогорку балл берилген 3 долбоор аныкталды. Алар:
- 2022 шифр менен (23 балл): "ТРЕВОСТ" ЖЧКсы жана "Градстройресурс" автордук жамааты: Жусупбеков Р.Ж., Чыналиев Н.Т., Назаров К.К., Бектур уулу Б., Кудайбергенов Н., Калкабаев Э.
- 5853 шифр менен (9 балл) – "Бейшенбаев жана Партнёрлор" ЖЧКсы долбоордун жетекчиси У.А.Бейшенбаев; архитекторлор: А.У.Бейшенбаева, А.У. Бейшенбаев; "Градстройресурс" ЖЧК, архитекторлор: Н.Чыналиев, Э.Чыналиев, скульпторлор: С.Б.Ажиев, М.Назарматов.
- 2526 шифр менен (6 балл) ОсОО "РЫСКО" – жетекчи Д.Өмүралиев, Р.С. ГАП – Кокоев, архитекторлор: Ш.Саипов; Э.Шанаев; Э.Кокоев; А.Жанишбеков; А.Сапиев.
5899 шифр менен (6 балл) – "Бейшенбаев жана Партнёрлор" ЖЧКсы долбоордун жетекчиси У. А.Бейшенбаев; архитекторлор: А.У.Бейшенбаева, А.У.Бейшенбаев; "Градстройресурс" ЖЧКсы Н.Чыналиев, архитекторлор, скульпторлор: С.Б.Ажиев, М.Назарматов, У.Пазылов.
1. Долбоорлордун автордук жамааттарына шифр менен төлөө (кыска тизме) төмөндөгүдөй:
1-орун (2022) – 1 миллион беш жүз миң сом;
2-орун (5853) - 1 миллион сом;
3-орун (2526) - 250 миң сом;
3-орун (5899) - 250 миң сом.
Жеңүүчүгө (жеңүүчүлөргө) андан ары долбоорлоо укугу берилет.