Быйыл өлкөдө жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуу жайга тапшыруу үчүн абитуриенттер автоматташтырылган "Абитуриент онлайн" маалымат системасы, 2020.edu.gov.kg сайты аркылуу катталышат.
Белгилүү болгондой, бул жылы жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы - 110, предметтик тесттердин босого баллы - 60 деп белгиленген. Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы - 115, предметтик тест - 60 болуп бекиди.
Тандоонун жана кабыл алуунун беш турун өткөрүү каралган.
1-тур – 18-20-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
2-тур – 25-27-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
3-тур – 1-8-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
4-тур – 8-10-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
5-тур – 15-20-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.
Сынакка негизги тест боюнча белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер гана катыша алышат.
Ал эми ЖРТнын негизги тести боюнча эң жогорку балл алган 50 абитуриент өз тандоосу менен өлкөдөгү гранттык орундар бөлүнгөн мамлекеттик жогорку окуу жайынын каалаган адистигине же даярдоо багытына сынаксыз кабыл алынууга укуктуу. Кабыл алуу министрлик тарабынан биринчи тур башталганга чейин ишке ашырылат. Кабыл алуу жөнүндө арыз берүүнүн эрежелери артыкчылыгы менен сертификаттын арткы бетинде көрсөтүлгөн.
Сынактын ар бир турунда гранттык же контракттык негизде окууга сынакка катышуу үчүн бирден гана өтүнмө бере алууга мүмкүн. Өтүнмөлөрдү бир ЖОЖго же эки башка ЖОЖго тапшырууга болот.
ЖРТнын сертификаты учурдагы жылга гана жарактуу. Ал эми мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриенттин ЖРТ сертификаты 3 жыл бою жарактуу, башкача айтканда, быйылкы жылы абитуриенттердин аталган категориясы сынакка катышуу үчүн 2020, 2021-жылдын сертификатын колдоно алат.
ЖРТ сертификаты милдеттүү эмес ЖОЖдор:
- Кыргыз улуттук консерваториясы;
- Улуттук көркөм-сүрөт академиясы;
- Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынынын адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес, сынак ЖОЖдордун өздөрүнүн кирүүчү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт.
Мындан тышкары, “Көркөм билим берүү”, “Көркөм сүрөт искусствосу” жана “Дене тарбия” багыттарына тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыктары милдеттүү эмес.
Гранттарга ээ болууга талапкер абитуриенттер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- Бишкек шаарындагы орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү – абитуриенттери;
- Облустук борборлордогу жана кичи шаарлардагы орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү абитуриенттер;
- Айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү – абитуриенттер;
- Бийик тоолуу зоналарында жайгашкан орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү – абитуриенттер.
Гранттык орундарга сынак ар бир категориянын алкагында өзүнчө өткөрүлөт, башкача айтканда, айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү сынакта Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен атаандашышпайт. Бул ченем жашаган жерине карабастан бардык абитуриенттерге жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүү максатында киргизилген.
ЖОЖдорго гранттык орундардын өзүнчө квоталарынын алкагында гранттык негизде окууга абитуриенттердин төмөнкү категориялары кабыл алынат:
Алгач системада каттоодон өтүү үчүн абитуриент смс билдирүү аркылуу логин жана сыр сөздү алуусу керек.
Системага киргенден кийин ЖРТдан алган баллдары, тандоо жана кабыл алуу жөнүндөгү маалыматтары жеткиликтүү болот. Ошондой эле колдонуучу талап кылынган талаачаларды толтуруусу зарыл.
Ар бир турда абитуриент өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалап эки талонду колдоно алат. Бири бюджет, экинчиси келишимдик баа (контракт) үчүн.
Ар бир турда биринчи үч календарлык күндүн ичинде сынакка катышууга арыз берилет. Арыз турдун үчүнчү күнү саат 14:00гө чейин берилиши керек. Ар бир турда арыз толтурулгандан кийин үч күндүн ичинде абитуриенттер саат 16:00гө чейин университетке окууну каалагандыгын тастыкташы зарыл. Эгер сынактан өткөн абитуриент үч күндүк мөөнөттө тастыктабаган учурда, анын орду бош деп эсептелет.
Тастыктоо үчүн системага электрондук түрдө төмөнкү документтерди тиркөө зарыл:
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Орто жалпы билими жөнүндөгү аттестат же орто кесиптик билими жөнүндөгү диплом;
- ЖРТ сертификатынын алдыңкы бети;
- Эгер контрактык негизде болсо, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
Бул документтердин түп нускасы окуу жылынын башында университетке тапшырылууга тийиш.