Бүгүн, 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө карата Кара-Кулжа районунда 170 жаранга баалуу белектер тапшырылып, концерттик программа уюштурулду. Иш-чарага райондун акими Каныбек Алиязов баштаган жетекчиликтин өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелендерге колдоо көрсөтүү максатында 3-декабрдан 3-январга чейин бир айлык жарыяланды. Мындан ары жер-жерлерде айыл өкмөт башчылары, мекеме-уюмдун жетекчилери иш-чарага ылайык өз салымдарын кошушары айтылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.