Министр ирригация объектилерин оңдоого быйыл 7 эсе көп каражат бөлүнгөнүн билдирди

Ирригация объекттерин оңдоо жана тазалоо иштерине республикалык бюджеттен былтыркы жылга салыштырмалуу 7 эсе көп каражат бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Суу чарба тармагы айыл чарбасынын негизги артыкчылыктуу багыты болгондуктан ирригация объектилерин оңдоо жана тазалоо иштерине республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренесинен 1 миллиард 100 миллион сом каралып, анын 724 миллион 200 миң сому бөлүнүп берилди же былтыркы жылга салыштырмалуу 7 эсеге көп болду. Бөлүнгөн каражат толугу менен пайдаланылып, 114,5 чакырым чарба аралык каналдарды механикалык тазалоо, 518 гидротехникалык курулмаларды, 101 насостук станцияларды оңдоо, 220 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү”, - деди Жаныбеков

Мындан сырткары мелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү максатында ирригациялык атайын техникаларды сатып алууга бюджеттен 199 миллион 400 миң сом каралганын, азыркы учурда бул каражаттарды бөлүп берүү Финансы министрлиги тарабынан каралып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан