Мирлан Жакыпов «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, бүгүн жаңы жетекчини жамаатка энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев тааныштырды.
Эске салсак, Жакыпов ушул эле кызматта 2022-жылдын 24-майына чейин иштеген. Ал бул тармактын адиси жана көп жылдык тажрыйбасы бар.