Баткен облусунун Кадамжай районундагы бир нече айылдын эгин талааларын курт каптап, дыйкандар кыйналып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Чыңгыз Жаркынов билдирди.
"Бул "дикий совка" деген курт экен. Райондук жектекчилерге дагы кабар бердик. Алар барышкан, "тибин аныктадык, облус, республикага жөнөттүк. Өзүңөр дарылашыңар керек. Түшүндүрүү иштерин гана жүргүзөбүз" дешти. Химикаттардан жардам болбосо, миңдеген гектар жерди курт басып жатат. Кээ бир тургундардын үйлөрүнө чейин кирүүдө. Жүгөрү, беде, анча-мынча дарактарга дагы жармашып, жеп жатат. Биз кошуналар менен 5 гектар жерди дарылаганбыз. 2-3 күндөн кийин кайра эле кирип жатышат. Чегирткеге салыштырмалуу дарылаш кыйын экен.
Өкмөт тараптан химикаттарды алып берүүгө жардам берип, эл чогуу дарылоо иштерин жүргүзбөсөк майнап чыкпайт. Арыктагы суунун ичинде дагы жүрүшөт.
Былтыр азыраак кээ бир жерлерде пайда болгон. Бирок зыян келтирген эмес. Быйыл массалык түрдө каптады. Бизде беде, жүгөрү, күрүч, тоют чөптөрдү жеп жатат. Мөмөлөргө дагы зыян келтирүүдө.
Эң негизгиси Кадамжайдагы Марказ айыл аймагы, Көтөрмө айыл өкмөтү, Ак-Турпак, Бүргөндү аймагында көп болууда. Биз бул курттарды 10-июлда байкадык", - дейт дыйкан.
Ошондой эле тургундар райондук жетекчилердин иши чабал болуп жатканын айтып, нааразычылыгын билдиришти.
"Жогорку деңгээлде дарылоо иштер жүрбөсө чоң коркунуч алып келет", - деди тургун.