Өзгөчө макамды алган университеттер оң натыйжа берсе, башка ЖОЖдорго да бул макам берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Расул Абазбек уулу маалымат жыйында айтты.
"Мамлекеттин бүгүнкү күндөгү жашоосун камсыздаган адистерди даярдаган 5 окуу жайга өзгөчө макам берилди. Алар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети. Аталган окуу жайлар келечекте оң натыйжа берсе, анда башка университеттерге, анын ичинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине да өзгөчө макам берүүгө даярбыз", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.