Бишкекте украин элине тилектештик жана колдоо катары тартылган фреска пайда болду

Бишкекте украин элинин тилектештигинин жана колдоосунун белгиси катары фреска пайда болду. Бул тууралуу арт-менеджер Акжибек Бейшебаева өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

Анын айтымында, идея өзүнө таандык, аны сүрөтчүлөр Вера Андрианова менен Арслан Нарынбеков ишке ашырган. Фреска Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын дубалына тартылган. Анда кыргыз кызы менен украин кызынын сүрөтү чыгылдырылган.

"Бул согуш учурунда украин элине, өзгөчө кыздар менен аялдарга колдоо көрсөтүүнүн көркөм жолу" деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан