Жогорку окуу жайларды бириктирүүдө профессордук-окутуучулук курам кыскарбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымат жыйында билдирди.
"Административдик кызматкерлерди кыскартып, бөлүмдөрдү бириктирүү болот. Бирок бул нерсе профессор, мугалимдерди жумуштан алуу дегенди билдирбейт. Маселен, ректорлорго бир дагы мугалим көчөдө калбашы керек деген тапшырманы бердик", - деди ал.
Ошондой эле Расул Абазбек уулу студенттердин санын кыскартуу болбойт деп кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин өлкөнүн беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилип, айрым университеттер бириктирилери айтылган. Тиешелүү жарлыкка кечээ, 18-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон.