Быйыл өлкөнү буудай менен камсыздоонун 65 пайызын ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыз кылуу пландалууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Өлкөнүн азык-түлүк буудайына болгон муктаждыгы 768 миң тоннаны түзөт. Министрлик быйылкы жылы буудай менен камсыздоонун 65 пайызын ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыз кылууну пландоодо. Болжол менен быйылкы жылы буудайдын түшүмү 362,7 миң тоннадан 708,1 миң тоннага чейин көбөйөт", - деди министр.
Ошондой эле 2026-жылга чейинки стратегияны иштеп чыгышканын, анын алкагында өлкө – эт, жумуртка, кумшекер, май өсүмдүктөрү менен өзүн-өзү камсыздоого жетишерин белгиледи.