Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусундагы Алай районунун тургуну кайрылып, райондогу нотариуста жалгыз кызматкер иштерин, ал жакка келген эл кезек күтүү менен убактысы кетип жатканын айтып даттанган. Ошондой эле ал "эмне үчүн чоң районго бир гана, болгондо да жардамчысы жок, кассири жок нотариус иштейт" деп суроо салган.
Жогорудагы маселе боюнча Юстиция министрлигине байланышканыбызда кайрылуу каралып жатканын билдиришти.