Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоого каршы вакцина сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан кабарлашты.
Андагы маалыматка ылайык, мекеме 27 миллион 297 миң сомго 81 миң доза вакцина сатып алууну пландап жатат.
Препарат өлкөгө 15-сентябрга чейин алып келинери күтүлүүдө. Мындан тышкары кене вирустук энцефалитке каршы 1 миң доза вакцина жана кене вирустук энцефалитке каршы 1 миң 326 доза иммуноглобулин сатып алууга сынак жарыяланганы айтылат маалыматта.