Иранда Путин менен Эрдогандын жолугушуусу өттү

Кечээ, 19-июль күнү Иранда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, өлкө башчылары соода жана глобалдык коопсуздук жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун башында Путин Эрдоганга украин данын экспорттоо маселесин чечүү аракети үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.

"Мен сиздин ортомчулук аракетиңиз үчүн, азык-түлүк маселеси, Кара деңиз аркылуу эгин экспорттоо көйгөйлөрү боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтча түзүп бергениңизге ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин ортомчулугуңуз менен биз алдыга жылдык. Туура, бардык маселелер али чечилген жок, бирок аракет болгону жакшы нерсе", - деп билдирген Путин.

Ошондой эле ал Түркия менен Орусия өлкөсүнүн ортосундагы мамилелер өнүгүп, соода тармагы олуттуу темпте өсүп жатканын маалымдаган.

Талкуу аяктагандан кийин Сирия маселеси боюнча Орусия, Түркия жана Иран лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан