Кыргызстандагы орус тили мугалимдери Москвага тажрыйба алуу үчүн барышат

Орус тили жана адабияты мугалимдери Москвага стажировка өтүүгө барышат. Бул тууралуу Росскызматташтык уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул программа Горчаков атындагы фонд, Пушкин атындагы орус тили боюнча мамлекеттик институт жана Росскызматташтык агенттиги тарабынан уюштурулган. Өтүнмөлөр 28-августка чейин кабыл алынат.

Катышуучулар орус окумуштууларынын филология тармагындагы олуттуу жана келечектүү жетишкендиктери менен таанышып, университеттерде, аналитикалык борборлордо эксперттик сессияларга катышат. Ошондой эле Пушкин атындагы окуу жайдын окумуштууларынын жетекчилиги менен иш алып барышат.

Программага катышууну каалагандар Орусия аймагында жашабаган, Кыргыз жараны болууга тийиш. Тандоодон өткөндөр уюштуруучулар тарабынан жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилинде стипендия менен камсыздалат.

Катышуу эрежелери тууралуу толук маалыматты Горчаков атындагы фонддун сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан