БУУ азык-түлүк кризисине көңүл бурулбаса, массалык ачарчылык болорун болжолдоодо

БУУ азык-түлүк кризисине көңүл бурулбаса, массалык ачарчылык болорун болжолдоодо. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Дэвид Бизлинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, учурда орун алып жаткан азык-түлүк кризисин чечүү үчүн эч кандай чаралар көрүлбөсө, адамзат массалык ачарчылыкка, саясий туруксуздукка жана көзөмөлсүз миграцияга туш болорун болжолдогон.

"Биз учурда болуп көрбөгөндөй кризиске туш болуудабыз, аны менен стратегиялык жана эффективдүү күрөшпөсөк, массалык ачарчылыкка, ондогон өлкөлөрдүн туруксуздугуна жана массалык миграцияга туш болобуз", - деп билдирген адис.

Анын айтымында, бул көйгөйдүн курчушуна байланыштуу келерки жыл азыркы жылкыга караганда начар болот. Жакынкы 12 айда дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жашагандар азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болушары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан