"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына 13 миң сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсүндөгү электр жарыктары өчүк болгондуктан бул кемчиликтерди 5 күн ичинде калыбына келтирүү боюнча тапшырма берилген.
"Бирок аталган ишкана талаптарды аткарган эмес. Укук бузуулар кодексинин 434-беренесинин негизинде 13 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.