Дүйнөдө тездик менен тарап жаткан коронавирустун "кентавр" түрүнүн белгилери айтылды

Дүйнөдө коронавирустун омикрон штаммынын жаңы түрү "кентавр" жайылууда. Анын белгилери кандай болорун республикалык штабдан маалымдашты.

"Калк арасында "кентавр" деп аталып калган SARS-CoV2 мутациясы окумуштуулар тарабынан BA.2.75 катары белгиленет. Алгачкы ирет аны Индияда аныкташкан, бирок вирус Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана азыр Орусияга тез тарап кетти.

"Кентаврдын" белгилери:

Оорунун белгилери мурдагыларга окшош:

* дене табынын жогорулашы
* дененин алсыздыгы
* булчуңдардын оорушу жана баш оору
* ашказандын оорушу
* жыт сезүү бузулбайт
* жогорку дем алуу жолдору көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония сейрек өнүгөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан