2-декабрда Бишкектеги Улуттук китепканада кыргыз парламентинин 75 жылдыгына карата “Кыргыз парламентине 75 жыл: тарых жана азыркы учур” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Иш-чаранын ачылышына ЖКнын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, студенттер жана башкалар катышты. Көргөзмө "Кыргызстанда парламентаризмдин калыптанууусу жана өнүгүүсүндөгү маанилүү учурлар", "Кыргызстан – парламенттик республика" жана "Парламент коомдун күзгүсү" деп 3 бөлүккө бөлүнүп, китеп, журналдар, фотодокументтер жана өлкөдөгү парламентаризмдин тарыхы жана өнүгүү жолун чагылдырган материалдар коюлду.