Ош. Борбордук аянтта депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары ачкачылык жарыялоодо

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары кечээ, 2-декабрда депутаттын коргоо комитетинин штабын түзүп, 3 күнгө бийликке Ахматбек Келдибековду бошотуу талабын коюшкан. Бүгүн шаардын борбордук аянтында жайгашкан коргоо комитетиндеги 20га чукул митингчи аялдар ачкачылык жарыялоодо. 

"Ачкачылык жарыялаган организмге зыян. Ачкачылык жарыялабай жөн эле орозо тутуп туруусун айттым мен аларга. Азыр молдолордон кеңеш алганы мечитке келдим. Митингдеги аялдар эртеден бери ачка отурушат",- дейт митингди уюштуруучулардын бири, "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан