Биз социалдык тармакта

"5 ай сүйлөштүк". Актёр, вайнер Улан Эсенакунов сүйүктүүсүнө баш кошту

Актёр, вайнер Улан Эсенакунов сүйүктүүсүнө баш кошту. SUPER.KG порталы актёрдун өзү менен байланышып, кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

"Сүйүктүүмдүн аты Нуриза. Чаткалдын кызы болот. 5 айдан бери тааныш болуп жүрүп, 3 айдын ичинде үйлөнүү чечимин кабыл алдык", - дейт актёр.

Актёр эртең, 21-июлда Бишкектеги тойканалардын биринде заманбап үлпөт тою болорун белгиледи.

Айта кетсек, Улан Эсенакунов "Жер тоголок", "Чала спортик", "Доске", "Тиги-Бу" жана башка бир катар кыргыз тасмаларында роль жаратып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан