18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
Жерине 10 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Бирок издөө иштеринен натыйжа чыга элек.
Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасына байланышканыбызда, издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирди.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.
Белгилей кетсек, көлгө 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.