Милициянын майору Улукбек Балагазыев жол кырсыгынан каза болду

Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жол кырсыгынан милициянын майору Улукбек Балагазыев каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм жетекчиси, милициянын майору Улукбек Балагазыев 19-июль күнү Ысык-Көл облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон.

"Биз аны ар дайым жакшы сөздөр менен эстейбиз. Кесиптештеринин эсинде Улукбек жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана ак көңүл кызматкер, мыкты үй-бүлө башчысы катары кала берет. 16-октябрда ал 36 жашка чыкмак.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Улукбек Балагазыевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын артында жубайы жана эки баласы калды", - деп жазылган маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан