Кыргызстан жана Орусия рубль менен соодалашууга өттү

Кыргызстан жана Орусия толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Амангелдиев буга чейин эле негизги товарлардын төлөмдөрү рубль менен жүгүзүлүп келгендигин белгиледи.

“Акыркы убакта доллардан алыстап, рубль менен эсептешүүгө өттүк. Буга чейин күйүүчү-майлоочу майлар келишимге жана ишкананын өзүнүн талабына ылайык доллар менен сатылган.

Орусияга каршы санкциялардын киргизилишине жана орусиялык банктардын SWIFT системасынан ажыратылышына байланыштуу төлөмдөрдө көйгөйлөр жаралган. Мындан улам биздин компаниялар эсептөөнү жүргүзүүдө айрым кыйынчылыктарга тушуккан. Буга байланыштуу рубль менен эсептешүүгө өтүү чечими кабыл алынды”, - деди министр.

Ошондой эле ал күйүүчү-майлоочу майдын баасы Орусияда өсүп жаткандыктан Кыргызстанда да кымбаттап жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан