Ысык-Көлдө өтүп жаткан бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эркектер арасында финалдык оюнда орусиялык спортчу Никита Ливада өзүнүн мекендеши Ростислав Гузовду 6:4 эсебинде утту. Коло байгеге кыргызстандык Дастан Лепшаков жана Ызат Ратбеков ээ болушту.
Ал эми кыз-келиндер арасында алтын байгени орусиялык Диана Миронова, күмүш медалды Элина Нагула, коло байгени болсо беларустук Екатерина Перепечаева менен орусиялык Дарья Михайлова алды.
Турнирге 20га жакын мамлекеттин спортчулары катышышты.