Бүгүн актёр Нуржаасын Жумагуловдун бөйрөгүнө операция жасалат

Бүгүн, 21-июлда актёр Нуржаасын Жумагуловго Түркияда операция жасалат. Бул тууралуу актёр Инстаграм баракчасына жазды.

"Бүгүн Кыргызстандын убактысы боюнча саат 14:00дө операция жасалат. Дуба кылып коюңуздар", - деп жазган актёр.

"Мегатой", "Миң бир түн", "Жетикс", "Напарниктер" жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан актёр 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учурда гемодиализ алууда.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өткөн. Актёрго апасы же бөлөсү донор болору белгилүү болгон.

17-июлда бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Түркия өлкөсүнө учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан