Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдында сөз сүйлөдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жыйындын катышуучуларынын астында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда президент Садыр Жапаров: “Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметүү Ысык-Көлдүн жээгинде жүз көрүшүп жатканыбызга терең кубанычтабыз”, - деп кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кесиптештерине салам айткан.

Ошондой эле ал бүгүнкү консультативдик жолугушууга биринчи жолу катышып жаткан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго өзүнчө салам айтып, токтолгону маалымдалат.

"Жапаров Сердар Бердымухамедов Гурбангулы Бердымухамедовдун миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ал Кыргызстанда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусун ачык деп жарыялап, бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берет деген бекем ишенимин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан