Ош. Абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары мындан ары орозо кармашат

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары бүгүн, 3-декабрда эртеден бери ачкачылык жарыялашкан болчу. Митингди уюштуруучулардын бири "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиеванын молдолор менен сүйлөшүүсүнөн кийин эми алар орозо кармамай болушту. Митингчилер эртең менен үйлөрүнөн оозун бекитип, кечинде кайра ооздорун ачышат.

Бердалиева ачкачылык жарыялаган шариятка туура келбестигин билдирди. 

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан