Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды

Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 10-18-июлда мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча 54-эл аралык олимпиада онлайн режимде өттү. Ага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Ар бир өлкөдөн төрт бала, анын ичинде Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу бар.
Аталган олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болушту.
Маалымат үчүн:
Химия боюнча эл аралык олимпиада 1968-жылдан бери 20 жаштан ашпаган мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келет. Олимпиаданын уюштуруучулары болуп Кытай өлкөсү эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан