ЖОЖго онлайн тапшыруу кыйынчылык жараткан жокпу? Сурамжылоо

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда жогорку окуу жайларга каттоо жана тапшыруу онлайн форматка өткөн. Муну менен быйыл ЖОЖго кабыл алуу 3-ирет онлайн режиминде жүргүзүлүп жатат. Ал эми кечээ, 20-июлда университетке онлайн кабыл алуунун 1-туру болуп өттү. Буга байланыштуу онлайн каттоо ыңгайсыздык жараткан жокпу, кандай көйгөйлөр жаралды деген суроонун тегерегинде абитуриенттерди кепке тарттык.

Айрым абитуриенттер онлайн каттоо жеңил эле болду десе, ал эми айрымдары маалыматтын жоктугунан алыскы аймактан университетке оффлайн тапшыруу үчүн атайын Бишкекке келишкенин айтышты.

Жанар Малдыбаева, Нарын облусу:

Буга чейин мектепте окуу жайга тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштери болуптур. Бирок социалдык тармактарга таратуу жакшы болгон эмес окшойт, мен 12-июлда Бишкекке келгенде онлайн болорун билдим. Классташтарым оффлайн болот экен деп Бишкекти көздөй кетип калышкан, анан мен да бир нерсени түшүнбөй, суроолор жаралып калса деп борборго келгем. Негизи мен дагы, алар да убагында көңүл бөлбөсөк керек. Мугалимибиз онлайн тапшыруу эрежелерин түшүндүрүп берди. Андыктан көйгөй деле жаралган жок, тескерисинче онлайн тапшыруу жеңил экен. Уюлдук телефон аркылуу ким талон салып, жыйынтык кандай болуп жатканын баарын көрө алат экенмин.

Айназик Айбек кызы, Ош облусу:

Мага онлайн тапшыруу ыңгайлуу болду, агаларым түшүндүрүп, жардам бергени үчүн жеңил болду окшойт. Бирок көпчүлүк абитуриенттер түшүнбөй жатышыптыр, университетке барып консультация алып жүргөндөр да бар экен. Мен айылдан эле катталдым. Өзүм 1-турга катышкан жокмун, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырам. Ал жактын сынагы 20-22-июль аралыгында болот. Аталган университет түшүндүрүү иштери боюнча атайын видео-роликтерди өзүнүн социалдык тармактарына чыгарып коюшкан. Бул маалыматтардын жардамы менен эле тапшырып жатабыз, эч кандай көйгөй болгон жок.

Мирланбек Ормонов, Баткен облусу:

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнү экинчи ирет тапшырып жатам, бирок былтыр бир себептерден улам университетке тапшыра албай калгам. Андыктан быйыл кайрадан аракет кылдым. Онлайн катталууда эч кандай деле көйгөй болгон жок. Түшүнбөгөн нерселерди интернеттен издеп, карап жаттым. Бирок мага ЖОЖдордун өзүнө барып эле тапшыруу ыңгайлуу болмок. Ал жактан консультация алып, бетме-бет сүйлөшүп маалымат алганга эмне жетсин. Анын үстүнө онлайн болорун билбей Баткенден Бишкекке барып алгам. Университетке тапшырып алып эле кайра Баткенге келдим.

Азада Осмонбаева, Жалал-Абад облусу:

Менде эч кандай деле кыйынчылыктар болгон жок. Себеби эжем университетте иштейт, баарын өзү түшүндүрүп, өзү кылып берди.

Акылай Төрөгелдиева, Ысык-Көл облусу:

Менимче онлайн катталууда баары эле түшүнүктүү болду. Анын үстүнө үйдө эле отуруп интернеттен университеттер тууралуу маалымат алып, өзүбүзгө жаккан факультет тандоо ыңгайлуу экен. Эгерде оффлайн тапшырсак ушундай ысыкта окуу жайларды кыдыруу оор болсо керек деп ойлойм. Буга чейин жеткиликтүү эле маалымат ала алдым, жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырдым.

Магира Мырзабекова, Талас облусу:

Негизи онлайн каттоо айылда жашап же Бишкекке келгенге шарты жок абитуриенттер үчүн оңой болсо керек. Анткен менен мага бир аз кыйын болду, биринчи жолу тапшырып жатканым үчүн ушундай болду окшойт. Анын үстүнө буга чейин маалыматым жок эле. Мен тапшыра турган университетке барганымда, ошол жактан онлайн катталууга жардам беришти.

Чыңгыз Раимкулов 2021-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетине тапшырган. Быйыл ал кайрадан ЖРТ сынагын тапшырып, жогорку окуу жайды тандоонун алдында турат. Ал экинчи ирет онлайн форматта катталып жаткандыктан баары жеңил болду дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан