Өлкөдө 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

Өлкө боюнча 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кара куурай" жана "Канал-Невский щит" аталышындагы ыкчам алдын алуучу иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында 2 миң 23 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2 миң 69 гектар жер изилденген.

"86 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды, анын жалпы салмагы 70 тонна 118 килограммды түздү.

Аталган ыкчам алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү учурунда өлкө аймагынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 7 баңгилик кылмыш аныкталды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 килограмм 503 грамм баңгизат жана психотроптук заттар алынды, анын ичинен: гашиш – 11 килограмм 954 грамм, психотропттук заттар - 1 килограмм 671 грамм, кара куурай – 878 грамм", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан