Буга байланыштуу Димитров көчөсүнүн бөлүгү Фучиктен Пишпекке чейин (Москва көчөсүнүн уландысы) толугу менен жабылат. Автотранспорттук каражаттардын жүрүүсү үчүн альтернативдик жол катары Дэн Сяопин кең көчөсү болот.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаардыктардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
Бишкектеги Димитров көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат. Бул туурасында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдирет.