Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан өспүрүм кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери Эдин Каныбек уулу кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп калып, аны куткарып калган.
Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган. Сууга чөгүп бара жаткан кызды куткарып, өмүрүн сактап калган полктун кызматкерине кыздын ата-энеси терең ыраазычылык билдиришкен.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга түшүп жатып буту тырышып калып жардам сурап кыйкырган. Көл жээгинде кызмат өтөп жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери Адыл Алымбек уулу жана Сыймык Бактыбек уулу сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышкан.