22-июлда Ош жана Баткендин кээ бир аймактарында электр энергиясы убактылуу берилбейт

"Ошэлектр" ААКсы эртең, 22-июлда Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында оңдоп-түзөө жана электр эсептегичтерди орнотуу жумуштарына байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөрүн маалымдайт.

Мекемеден билдиришкендей, төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

Ноокат районунун Медресе, Жайылма, Додон, Кызыл-Октябрь айылдарында.
Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Чаувай айыл өкмөтүндө.
Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө, Кызылтал, Будалык айылдарында.
Алай районунун Алай айыл өкмөтүндө.
Ош шаарынын Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда, Курманжан-Датка, Мамыров, Атабаев, Калинин, Ахмедов, Моминов, Амир Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев көчөлөрүндө.
"Ошэлектр" ААКсы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан