Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2000 орундуу маданий борбор курулат. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Белгилүү болгондой, маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, 4 гектар аянтты ээлейт.
Борбордо бир гана концерттик же спорттук иш-чараларды өткөрүүчү зал болбойт. Ичинде жыйындар залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы жана башка жайлар жайгашып, жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат.