"Ералаштын" мурдагы режиссёру 14 жылга эркинен ажыратылды

"Ералаштын" мурдагы режиссёру Илья Белостоцкий педофилия үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, соттук отурум жабык эшик артында өткөн.

амлекеттик айыптоочунун позициясын эске алуу менен сот Белостоцкийди 14 жылга эркинен ажыратты, ага карата күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө стадиясында Белостоцкий жеңилирээк берене боюнча - 14 жашка чейинки балага карата адепсиз иштер боюнча айыпталган. Эми ага зомбулук көрсөтүү же ошол эле курактагы жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен сексуалдык мүнөздөгү кандайдыр бир аракеттерди жасаган деген айып тагылууда.

Ал 2020-жылдын октябрынан бери камакта. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек жана ага даттанууга болот.

Буга чейин анын үйүнөн жашы жете электер менен болгон сексуалдык мүнөздөгү материалдар табылгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан