Ысык-Көлдө Коргоо министрлигинин курал-жарактарын жана аскердик техникаларын тейлөө жана оңдоо үчүн мобилдик пункттун курулушу башталды. Бул туралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Орусия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат. Ал эми кыргыз тарап курулуштун аянтын жана инженердик системаларды монтаждоо үчүн аймакты даярдайт. Курулуш иштерин жүргүзүү жана объектти жайгаштыруу ордун даярдоо үчүн башкы подрядчысы болуп Коргоо министрлигинин “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы аныкталган. Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалган. Курулушту аяктоо жана заводду ишке киргизүү ушул жылдын күз айына пландаштырылган”, - деп айтылат малыматта
Бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу унаалар менен жабдуулардын биринчи партиясы жана орнотуу үчүн адистер келди. Азыркы тапта берилген жабдууларды орнотуу үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат.