Индияда өткөн президенттик шайлоодо Драупади Мурму шайлоочулардын көпчүлүк добушун алып жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка ылайык, Драупади Мурму Индиянын тарыхында жогорку кызматты ээлеген экинчи аял киши болуп калды. 64 жаштагы Драупади Мурму шайлоочулардын дээрлик 50 пайыздан ашык добушуна ээ болгон.
Индия өлкөсүнүн 15-президенти болгон Драупади Мурму кызматына 25-июлда киришет.