Кытай бийлиги демонстранттарга каршы танктарды жайгаштырды

Кытайдын Хэнань провинциясынын бийлиги жергиликтүү банктын бөлүмүн коргоо үчүн танктарды жайгаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, провинциянын көчөлөрүндө танктар пайда болгондон кийин жергиликтүү тургундар банктын филиалына жете албай калган.

Кытайда каржылык жаңжал биринчи жолу апрель айында South China Morning Post аттуу гезит Хэнань жана Аньхой провинцияларынын тургундарына системаны жаңыртуудан улам банк эсептерине кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын жазгандан кийин пайда болгон.

Кытайдагы акыркы жылдардагы эң начар банктык кризистин курмандыгы болгон жергиликтүү тургундар 6 миллиард долларга жакын депозиттер жок болуп кеткенин айтышууда. Алар аманаттарын алуу талабы менен массалык нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө.

Ал ортодо жергиликтүү бийлик митингчилерден таркоону суранды. Болжол менен 7400 доллары бар аманатчылардын айрымдары өткөн аптада акчасын кайтарып алышты. Банк чатагы боюнча иликтөө уланып жатканы белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан