Чолпон-Ата шаарында Мухтар Ауэзовдун бюсту ачылды

Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

"Ачылыштын алкагында Касым-Жомарт Токаев ардактуу коноктордун кол тамгасы коюлуучу китепке кол коюп, эки элдин достугун бекемдеген мындай саамалык үзгүлтүксүз улана турганын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элинин тарыхы, мурастары менен таанышууга болот. Мындан тышкары үй музейде кичи китепкана жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары коюлган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Мухтар Ауэзовдун бюсту жаш скульптор Тамила Маматова тарабынан жасалганы айтылат.

Белгилей кетсек, белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзов 1959-жылдан 1961-жылга чейин музей катары иштеп жаткан бул үйдө иштеп, жашаган. 1970-жылы анын урпактары ал үйдү Чолпон-Ата шаарынын музейинин фондуна өткөрүп, анда Ауэзовго арналган музейди түзүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан